www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Фейсбукка» жарыяланган талаага төгүлгөн пияздардын видеосу Кыргызстанга тартылган эмес. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарбасы жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги билдирди.

Аталган видео «Фейсбуктагы» Bishkek Life тайпасына чыккан. Видеодон өнүп, жаман болуп кеткен пияздар талаага ыргытылганын көрүүгө болот.

Айыл чарба министрлиги талаадагы пияздын видеосу Кыргызстанда эмес, Казакстандын Шор-Төбө аймагында тартылганын билдирет.

«Ошондой эле, учурда министрлик өлкө аймагында кампаларда сакталып турган былтыркы пияздар дыйкан-фермерлерге эмес, ортомчуларга (алып-сатарларга) таандык экендигин белгилейт жана пияздын жаңы түшүмүнүн баасы туруктуу бойдон сакталышына көмөк көрсөтөт», — деп айтылат маалыматта.

 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости