www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек Жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) 9 буу казан, 5 турбогенератор иштеп жатат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында "Электр станциялары" ААКнын директорунун орун басары Талайбек Бектенов билдирди.

Анын айтымында, ЖЭБде резервде 6 буу казан, 3 турбогенератор бар.

"Жылуулук борборунда кемчиликтер жок, кышка даярбыз", - деп белгиледи ал.

Бектеновдун айтымында, бүгүнкү күндө "Электр станциялары" ишканасы туруктуу режимде иштеп жатат.

"Өлкөдө былтыркы жылга салыштырмалуу электр жарыгын колдонуу кыйла өстү. Алсак, өткөн суткада электр жарыгын колдонуу 65 млн 600 миң киловатт-саатты түздү. Өткөн жылы бул көрсөткүч 54 млн 400 миң киловатт-саатты түзгөн. Быйыл 11 млн киловатт-саатка көп болууда", - дейт Бектенов

Булак: NazarNews.kg

Последние новости