www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Радио жыштыктарга казак бизнесмендери 10 миллиард сом пара берип, Абылгазиевдин убагында мамбюджетке 700 сом төлөп алышканы белгилүү болду. Абылгазиевдин таякеси Медет Ирсалиев анын эшигин шыпырып жүрүп, ал чоңоюп кеткен соң ордуна Соцфондко төрага болгон. Акаев, Бакиев, Отунбаевнын заманында пенсия бөлүштүрө турган Соцфонд “святой” жер болгон, башка жерге кол салышса да, пенсияга кол салышчу эмес, Мухаммедкалый Абулгазиев Соцфондко келгени пенсияны уруп ойногон жок. Район, облустагы тиешелүү тармактар “Дань” төлөп турчу деп укчубуз. Пенсионерлерди аңдыган өтө уят иш болсо да Мухаммедкалый Абулгазиев бул майлуу-сүттүү тармакка таякеси Медет Ирсалиевди жетелеп келип, өкмөт башчысы болгон соң, өз ордуна жетекчи кылып койот. Булардын эмне ичип жегени тууралуу Мухаммедкалый Абулгазиев премьер кезинен бери жазылды. “Уйга жүгөн салабы, көнгөн адат калабы?” дегендей Медет Ирсалиев  райондун пенсия жетекчисинен акча алып жаткан жеринен кармалды.

Социалдык фонддун төрагасы аймактык бөлүмдөрдөн акча талап кылуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Мекеме сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Социалдык фонддун кызмат адамдарынын тобу, материалдык жана башка артыкчылыктарды мыйзамсыз алуу максатында, аймактык бөлүмдөрүнүн башчыларынан системалуу түрдө мажбурлап акча чогултуп турушканын аныктады.

УКМК фонддун төрагасы «И.М.Э.» (Медер Ирсалиев) мыйзамсыз акча талап кылууга катыштыгы бар экендиги жөнүндө төгүндөлгүс маалыматтар алынганын кабарлады. 18-ноябрда Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизинде Медер Ирсалиев кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

17-ноябрь күнү Социалдык фонддун аппаратынын «А.Б.» аттуу жетекчиси кармалган. Ал фонддун облустагы координаторлору аркылуу аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилеринин ар биринен ири өлчөмдө акча чогултуп турганы аныкталган. Ошол эле учурда айрым жетекчилер «А.Бнын» айткандарын аткаруу жана талап кылынган сумманы толук берүү үчүн ар түрдүү чыгымдарга деп, Социалдык фонддун жана анын түзүмдүк бөлүктөрүнүн эсептериндеги акчаларды мыйзамсыз алышкан. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости