www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Урматтуу Саламат Садыкова эже!

Сизге кайрылып жаткан жигит, сиз оозуңа таш деп атагандардын ичиндеги Талант Абдиев.

Көпчүлүктүн оозуна таш тыгып отурасызбы тынч аман?

Сизге менден бир собол:

Сиз министрдин орун басарын колдоп чыктыңыз. Туура айтып жатат, силер көрө албастык кылып жатасыңар деп "сиңдиңизди" актоого аракет кылдыңыз.

Биз болсо, "оозуна таш тийгирлер", элдин эсебинен чет жакка чыгып тайраңдап жаткандарга каршы болдук. Айрыкча аксакалдардын, майыптардын, жаш балдарга берилчү жөлөк пулдун эсебинен сайрандаган "саякатчы бакаларга" сөз ыргыттык.

Пенсия көбөйдү деп жар салып жатышат. Жакшы болду, кичине болсо да дем болду, жаңы жылдык отчётко документ болду. Мына биз пенсияны көтөрдүк деп кыйкырганга.

Бирок кимдердин пенсиясы көбөйдү?

Жөнөкөй эле 30 жыл мугалим болгондордун пенсиясы 2800 сом эле 2900 сом болду.
Пенсия аттуу баштуулардыкы көбөйдү, жөнөкөй элдики эмес. Жөнөкөй пенсионерлер акчасын топтобой эле саякаттап жүрүшөт.

Мигрант болуп иштеген балдар кыздары чет өлкөгө чакырып саякаттатып жатат.
Пенсия көбөйсө эле саякаттайт деген жомок. Бир кезде өзү айлыгым бир костюм алууга жетпейт деген "сиңдиңиз" жомок айтканын билип туруп аябай коргодуңуз. Ошол эле "сиңдиңиз" мыйзам бузуу жолу менен, жарым миллионго жакын элдин акчасын колдонуп саякат жасаганын эмне айтпадыңыз?

Башкы прокуратура мыйзам бузуу бар деп билдирди, "сиңдиңиз" сурак да берди.
Сиз ошондо Лунара Мамытовага каршы болгондордун баарын оозуңарга таш тийгирлер деп тилдегенсиз.

Эми "сиңдиңиздин" жоруктарынан уялган чыгаарсыз?

Ошол оозуна таш тийгирлер жөнөкөй карапайым эл эле, качан кечирим сурайсыз?
Сиз кечирим сурашыңыз керек!

Ии баса, сиз эл артисти эмес белеңиз ботом. Ошол элдин арасында көпчүлүгү сиз атаган оозуна таш тийгирлер экенин утутпаңыз.

Сизге экинчи суроо: эл артисти деген наамды кандай жол менен алдыңыз эле? Эл баалап берди беле, же, бийлик баалап берди беле?

Талант Абдиев

Булак: NazarNews.kg

Последние новости