www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Добуштарды сатып алуу технология катары жаңылык, же азыркы эле шайлоо өнөктүгүнүн өзгөчөлүгү эмес. Кыргызстандагы шайлоолордо шайлоочуларды сатып алуунун ар кандай формалары  аз, же көп деңгээлде дайыма колдонулуп келген. Анткени, сатып алуу-бул жалгыз эле  шайлоочунун колуна акча карматуу эмес. Ага мал союп, аксакалдарга чай берүү, концерт уюштуруу, азык-түлүк салынган пакеттерди үймө-үй таратуу да кирет.

Сатып алуга каршы  жарандык коом, ЖМКлар, депутаттыка талапкерлер өздөрү күрөшүп келет. Добуштарды сатып алууга карата  кылмыш жоопкерчилиги каралган.

Бирок, бүгүн бизди  башка нерсе тынчсыздардырууда. Өнөктүк али баштала элек жатып  атаандаштар  бири-бирин шайлоочуларды сатып алды деп айыптап киришти. Эгер чындап эле ошондой нерсе болуп, фактылар  келтирилсе, бир жөн. Бирок, бир факты  массалык көрүнүш катары көрсөтүлүп, же сатып алуу болгондугу тууралуу фейк таратылса, бул башка нерсе. Мындай кара пиар бир гана кадыр-баркын кетирүүгө  багытталган тарапка  каршы иштебейт. Эгер чабуулдун мизи билгичтик менен кайтарылса, ал жөнүндө бат эле унутуп калышат. Ал эми заказчыга болсо өзүнүн деструктивдүү ишинин ачуу даамын көпкө чейин татууга туура келет. Анткени, сатып алуу боюнча социалдык түйүндөр аркылуу таратылган фейк жаманатты кылынып жаткан бир партияга гана эмес, бүтүндөй шайлоо процессине жана анын жыйынтыгына залакасын тийгизет.

Эгер эл  шайлоонун жыйынтыгы   шайлоочуларды массалык түрдө сатып алуунун эмес, ачык жана таза добуш берүүнүн натыйжасы экенине  ынынбаса, шайлоо легитимдүүккө ээ болбойт. Башкача айтканда, коомчулук анын жыйынтыктарын тааныбайт. Шайлоолор кайра өтүүсүн, добуш берүүлөрдүн жыйынтыктары кайра жокко чыгарылышын талап кылууга ж.б.акылуу.

Мындай технологиялар   түстүү революциялар пландаштырылган өлкөлөрдө көп колдонулат. Мындай технологиялар шайлоого жооп берген органдарга, мисалы, БШКга  жана аймактык комиссияларга, шайлоо таза өткөнүнө  ишенимди кетирүүгө багытталган.

Адегенде шайлоочуларга «шайлоо таза эмес өттү, анын натыйжалары бурмаланды» деген ойду таңуулашат. Бул иш шайлоочуларды сатып алып жаткан, же шайлоочуларга кысым көрсөтүлгөн, ошондой эле шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн  «бизге шайлоонун жыйынтыктарын оңдогула» деп кысым көрсөтүштү деген көрсөтмөлөрү ж.у.с. түшүрүлгөн видеолорду массалык түрдө таратуу жолу менен  жасалат.

Натыйжада шайлоонун жыйынтыктарына карата элдин терс пикири жаралат. Расмий жыйынтыктар жарыяланган кезде  коом «кызып», нааразылык билдиргенге даяр болуп калат.

Азырынча шайлоонун жыйынтыктарына ишенбөө боюнча долбоор бар деп айтууга болбойт. Бирок, анын пайда болуу коркунучу бар.

Эгер партиялар  «шайлоочуларга кысым көрсөттү, алардын добуштарын сатып алды» деген айыптоолорду пайдалануу менен атаандаштарын «муунтуп, тумчуктуруу» аракетин коюшпаса, анда, биз шайлоонун жыйынтыктарына каршы массалык наарызычылыктардын күбөсү болуп калышыбыз ыктымал. Шайлоо өнөктүгүнө оңбогондой акча коротушкан  партиялар кыска убакыттын ичинде дагы жаңы каражат издеп табууга  туура келет. Табабы, таппайбы, бул риторикалык суроо. Кандай болгон күндө да, мындай абалга тушукканга өздөрү гана күнөөлүү болушат. Даанышман элибиз айткандай, «бирөөгө ор казба, ага өзүң түшүп калышың мүмкүн».

Булак: NazarNews.kg

Последние новости