www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

3-сентябрга карата аба ырайы

3-сентябрда, бүгүн эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондорго кар түшөт. Айрым аймактарда жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүйдө +22…+27, Талас өрөөнүндө +21…+26, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +24…+29, ал эми Ысык-Көл менен Нарын аймагында +14…+19 градус болору болжолдонду.

Бишкек, Ош шаарларында эртең менен жана күндүз жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Күндүн табы борбор калаада +24...+26, Ошто +26...+28 градуска жетет.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости