www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңеште Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү, парламенттик кайра шайлоону токтото туруу жөнүндө долбоорлор иштелип чыкты жана талкууга коюлганы жатат. Бул тууралуу 22-октябрда журналисттердин суроосуна жооп берип жатып Жогорку Кеңештин депутаты Талант Мамытов билдирди.

Анын айтымында, өлкөдөгү азыркы коомдук-саясий кырдаалды, эпидемиологиялык жана экономикалык абалды эске алуу менен президентти жана парламентти шайлоо тууралуу конституциялык мыйзамдын айрым нормаларын токтото туруучу долбоор иштелип чыкты. Анда парламенттик кайра шайлоо мөөнөтүн Конституциянын жаңы долбоору кабыл алынганга чейин жылдыра туруу каралган.

Мамытов мыйзам долбоорун фракция лидерлери, жалпысынан онго жакын депутат иштеп чыкканын, арасында Өмүрбек Текебаев, Алтынбек Сулайманов, Жыргалбек Турускулов жана башкалар бар экенин, шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү конституциялык реформа бүткөндөн кийин киргизилерин айтты.

Конституцияны өзгөртүү тууралуу да, шайлоо мыйзамындагы мөөнөттү токтото туруу жөнүндөгү да долбоорлор боюнча талкуу бардык депутаттардын, коомчулуктун катышуусу менен өтөрү айтылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости