www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети парламенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу боюнча мыйзам долбоорун карап жатышат.

Белгилей кетсек, комитеттин отурумуна журналисттер киргизилбей, отурум жабык эшик аркасында өтүүдө.

Депутаттар тобу сунуштаган мыйзам долбоору “КР президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө конституциялык мыйзамынын кээ бир укуктук-ченемдик актыларын токтотуу жөнүндө” деп аталат.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери парламенттик шайлоону жаз айларына жылдырууну сунуш кылышууда.

Эске салсак, кечээ, 21-октябрь күнү БШК парламенттик шайлоонун күнүн 20-декабрга белгилеген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости