www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талант Мамытов расмий иш сапары менен Орусияга барат

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Орусияга расмий иш сапары менен барат. Бул тууралуу ГосДуманын төрагасы Вячеслав Володин билдиргенин РИА Новости жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Мамытовдун иш-сапары 7-декабрга белгиленген.

Белгилей кетсек, 30-ноябрда, дүйшөмбү күнү, Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун пленардык жыйыны онлайн-форматта өттү. Анда Володин Мамытовго кайрылып, көпчүлүк маселелерди 7-декабрда Россиядан жолукканда талкуулашарын белгилеген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости