www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Билбей, түшүнбөй, кесип ээлери менен кеңешпей чечим кабыл ала берүүнү токтотуш керек. Мындай пикирин экс-депутат Талант Узакбаев билдирди.
"Бүгүн ЖКда мыйзам долбоору каралып, анда бажы кызматы мамлекеттик коопсуздукка жооптуу көзөмөл органдарынын, анын ичинде чек ара ветеринардык кызматынын ишмердигин координациялайт деген берене киргизип жатканын эшиттик. Бул мыйзам өтүп кетсе биздин мамлекеттин аймагына башка мамлекеттерден өтө коркунучтуу жана тез жайыла турган транс чек аралык жугуштуу оорулар кирбейт деп эч ким кепилдик бере албайт.
Бул көйгөйдүн бир эле жагы. Экинчиден мал жана мал чарба продуктыларын импорттоо, экспортоо, транзиттөө боюнча ветеринария кызматынын ишмердиги эл аралык талаптарга шайкеш келүүсү, биздин алардын астындагы милдет. Ал нормалар биздин улуттук мыйзамдардан статусу боюнча жогору турат. Бул маселе биздин фермерлер малын, этин, сүтүн тышка сата албай калуучу ахыбалга алып келет. Эл аралык ветеринардык бийлик биринчиден биздин чек ара веткызматы тыштан оору киргизбегенге, ошондой эле бизден тышка оору жайылтпоого кудурети жетеби деген суроону коёт. Ал суроого жооп - бул улуттук мыйзамыбыз эл аралык ветеринардык талаптарга жооп береби же жокпу дегенде жатат. Ансыз дагы учурда шарп менен жылкынын африкалык чумасынан тазабыз деген статусту ала албай жүрөбүз. Анын себеби дал ушул жерде жатат - жылкынын африкалык чумасы биздин аймакта тарыхый болуп көрбөсө да, улуттук ветеринардык мыйзамыңарга ылайыктуу, чек араны талаптагыдай кайтарууга укугуңар чектелүү деп көп мамлекеттердин ветеринардык кызматтары биздин баалуу күлүктөрдү киргизбейт, сатып алууга тыйуу салышат.
Айтайын дегеним билбей, түшүнбөй, кесип ээлери менен кеңешпей чечим кабыл ала берүүнү токтотуш керек. АЧМ дагы милдетин алып, веткызматты өзүнө кошуп алган соң ,жоопкерчиликти унутпоосу зарыл", - деди Талант Узакбаев.
Булак: NazarNews.kg