www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талапкер А.Муртазалиевдин ишин Жогорку сот карады

Свердлов райондук бир мандаттуу округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон Абдурахманхаджи Муртазалиевдин ишин Жогорку сот карады. Жыйынтыгында талапкердин каттоосун жокко чыгаруу чечими күчүндө калтырылды.

Буга чейин административдик сот БШКнын чечимин колдогон болчу. Окуя тууралуу: 9-мартта БШК Свердлов району боюнча ЖКнын депутаттыгына талапкер Муртазалиевди каттоону жокко чыгарган. Талапкерди каттоону жокко чыгарууга укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн 21-февралда Бишкекте эки аял 210 миң сом менен кармалганы тууралуу маалыматы себеп болгон.

Алар ЖКнын талапкери Муртазалиевге добуш берүү үчүн шайлоочуларды сатып алган деп шектелип кармалган. ИИМдин өкүлдөрү факты тастыкталып, кылмыш иши козголгонун билдирди.

2021-жылдын 28-ноябрында Биринчи май жана Свердлов округдарында өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо «бардыгына каршы» добушун бергендер көптүк кылган. 27-февралда бул округдарда кайра шайлоо болуп өттү.

Свердлов округунда кайрадан шайлоодо Абдурахманхаджи Муртазалиев алдыга чыккан. Ага шайлоочулардын 19,52% добуш берген. Шайлообек Атазов добуштардын саны боюнча Муртазалиевден кийинки орунда турат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости