www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытай бийлиги Украинага гуманитардык жардамдын кошумча партиясын 10 миллион юань (болжол менен 1,57 миллион доллар) бөлүүнү чечти, деп билдирди Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Ван Вэнбинь. Бул тууралуу «NazarNews» маалымат агенттигине «CCTV plus» кабарлады.
«Кытай өкмөтү Украинага гуманитардык жардамдын 10 миллион юандык кошумча партиясын берүүнү чечти.
Кытай муну кырдаалдын өнүгүшүнө жана муктаждыктарына ылайык жасады.
Кытай тарап Украинадагы гуманитардык кырдаалды жөнгө салууда конструктивдүү ролду ойноону улантат жана гуманитардык кризистен чыгууга салым кошууга ниеттенүүдө», - деп белгиледи дипломат.
Эске салсак, 9-мартта Кытайдын Тышкы иштер министрлиги Кытайдын Кызыл Чырым коому Украинага 5 миллион юань (787 миң долларга жакын) гуманитардык жардамдын биринчи партиясын бергенин жарыялады.
Ага тамак-аш, эң керектүү буюмдар жана башка нерселер кирген. Жүктүн биринчи партиясы 12-мартта жеткирилген.
Булак: NazarNews.kg