www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

700 миллион долларга бааланган "Шехерезада" аттуу суперяхтанын экипажы Орусиянын Федералдык күзөт кызматынын өкүлдөрүнөн түзүлгөнү аныкталды. Бул тууралуу орусиялык оппозициячы Алексей Навальныйдын командасы жарыялаган иликтөөдө айтылат.

Иликтөөчүлөр бул маалымат яхтага Орусиянын президенти Владимир Путин ээлик кыларын далилдеши мүмкүн экенин билдирүүдө.

140 метрлик суперяхта 2020-жылы Германиянын кемелерди куруу жайынан чыккан. Өз классында дүйнөдөгү эң чоң яхталардын бири болуп эсептелген "Шехерезаданын" ээси ким экени белгисиз. Быйыл март айында The New York Times гезити өз булактарына таянып, америкалык аткаминерлер яхтаны Орусиянын президенти Владимир Путин менен байланыштырып жатканын жазган.

Басылманын маалыматына караганда, суперяхта 2020-2021-жылдары Путиндин резиденциясы жайгашкан Сочиге эки жолу барган. Анда гезит яхтанын орус президентине байланышы бар экенин анын мурдагы экипаж мүчөлөрүнүн бири айтканын кабарлаган.

Навальныйдын командасы яхтанын экипаж мүчөлөрүнүн тизмеси менен таанышып чыккан. Жыйынтыгында а капитанынан башка мүчөлөрүнүн баары Орусиянын жарандары экени аныкталган.

"Капитандын биринчи жардамчысы, боцман, анын жардамчысы, бир нече күзөтчүсү жана экипаждын бир нече мүчөсү Федералдык күзөт кызматынын учурдагы кызматкерлери экени белгилүү болду. Алардын көбүнүн дареги катары Федералдык күзөт кызматынын Сочидеги аскердик бөлүгүнүн дареги көрсөтүлгөн", - деп жазылган иликтөөдө.

Буга чейин аталган яхтанын капитаны Гай Беннет-Пирс "Шехерезаданын" ээси Путин эмес экенин жана Орусиянын презденти анда эч качан болбогонун айткан. Ошол эле маалда ал яхтанын ээси ким экенин айтуудан баш тарткан.

Эгер суперяхтанын Путин менен байланышы аныкталса, ал камакка алынат. Анткени Европа биримдиги орус президентине каршы жеке санкцияларды киргизген. Учурда "Шехерезада" Италиянын Тоскана аймагында оңдоодон өтүп жатканы кабарланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости