www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талас  облусунун  Ички  иштер  башкармалыгынын  жана  Талас шаарынын ички иштер бөлүмүнүн коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери тарабынан 2021-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоосуна карата, 28-октябрынан тартып үгүт иштеринин башталганына байланыштуу, Талас шаарында жайгашкан партиялар менен жана бир мандаттуу болуп катыша турган талапкерлердин түзүлгөн штабынын жетекчилери жана өкүлдөрү менен жолугушуп түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Бул тууралуу Талас ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Штаб жетекчилерине алып барып жаткан иш кагаздарына сак болууну жана өрт коопсуздуктарын так сакталышын, иш күнү бүткөн убакытта бөлмөлөрдү жылытуучу жылыткычтарды өчүрүп кетүүнү эскертишти.

Мындан тышкары, үгүт иштерин жүргүзүү учурунда Мыйзамдын талаптарын бузбоого чакырышты жана Мыйзамды билбегендик кылмыш жоопкерчилигинен бошотулбайт экенин эскертишип, илинип жаткан баннерлерди бекем жана өйдө коопсуз жерлерге илүүнү дагы эскертишти. Ал эми милиция кызматкерлери саясий маселелерге аралашпайт жана барды жарандарга жана партияларга бирдей  мамиле кыларын билдиришти.

Ошондой эле, Талас облусунун Ички иштер башкармалыгы жарандарга кайрылып месенджерлердеги, социалдык тармактардагы чагымчыл, жалган материалдарды таратуудан алыс болууга чакырат. Эгерде мындай фактылар болсо 102 телефон номуру аркылуу кабарлап коюну суранат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости