www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талас облустук бириктирилген ооруканасынын оңдоо иштерин жүргүзүүдө аткарылган иштердин баасын жогорулатуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМКдан белгилешкендей, жеке ишкананын Д.А. аттуу жетекчиси Талас облусунун Капиталдык курулуш башкармалыгынын техникалык көзөмөл боюнча Ч.К. аттуу адиси менен сүйлөшүп алып, аткарылган иштердин баасын негизсиз жогорулаткан. Келтирилген зыян 900 миң сомдон ашкан.

Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде каттоого алынып, Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгү (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши ачылган.

Учурда Д.А. Талас облустук милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Ч.К. ооруп жатканына байланыштуу кылмышка шектүү болгондугу тууралуу кат берилип, чакыруу боюнча суракка келүү милдеттенмеси алынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости