www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев жана облустук ардагерлер кеңешинин төрагасы Мүнүр Мамбеталиев Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин Улуу Жеңиштин 75 жылдыгы менен куттуктады.
Алгач ыйгарым укуктуу өкүл Марат Мураталиев баш болгон топ, Талас шаарынын тургуну Улуу-Ата-Мекендик согуштун ардагери Шатманов Шаабай аксакалды куттуктады. Өз кезегинде Шаабай Шатманов согуш жылдарындагы кыскача эскерүүлөрүн айтып өтүп “эч убакта жергебизде согуш оту тутанбасын” деген аруу тилегин билгизип эл-жерге ак батасын берди.
Андан соң, Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлери Талас районунун Арал айылынын тургуну Абрахманов Сазыкбай жана Көпүрө-Базар айылынын тургуну Насыкулов Адамбек аксакалдарды үйүнө барып Улуу Ата Мекендик согуштун 75 жылдык мааракеси менен куттукташты.
Ыйгарым укуктуу өкүл Марат Мураталиев ардагерлерге Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун атынан «1941-1945–жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 75 жыл» мааракелик медалы жана Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин атынан «1941-1945–жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 75 жыл» мааракелик медалдарын тапшырды. Аталган сыйлыктар Талас облусунун аймагындагы Уулуу-Ата-Мекендик согуштун ардагерлерине жана ооруктун ардагерине тапшырылды/ Ардагерлерге ыйгарым укуктуу өкүлдүн резервдик фондунан 20 миң сом, Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабековдун атынан 10 миң сом жана “Альянс Алтын” компаниясынын атынан 75 миң сомдон акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Жалпыга маалым болгондой буга чейин Улуу Жеңиштин 75 жылдыгынын урматына мамлекет тарабынан Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлерине 75 миң сомдон, ал эми ооруктун ардагерлерине 15 миң сомдон тапшырылган.
Белгилей кетчү жагдай ыйгарым укуктуу өкүл баштаган топ, эртең Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлерин үйлөрүнө барып куттуктап жогоруда аталгандай эле медалдарды жана акчалай сыйлыктарды тапшыруунун улантат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы/.
Булак: NazarNews.org