www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги социалдык сеттерде чек ара маселеси боюнча омоктуу ойлорун жазып келген коомдук ишмер Гүлжигит Исаковду кепке тартып, ачек ара маселеси боюнча сүйлөштүк.

--Гүлжигит мырза, неге кыргыз-тажик чек арасында маселе барган сайын оорлоп, ок атылуу адатка айлана баштады?

--Тажик тарап 1924-1927-жылдардагы карталарга таянып, "Ворух анклав болгон эмес" дешип, биздин жерлерди талашып келишет. Ал жылдары Тажикстан өз алдынча республика эмес болчу. Өзбекстандын курамында болчу. Биздикилер анда эмне үчүн 1924-1927-жылдардагы  карталарга таянсаңар, азыр Өзбекстандын курамына кирип кеткен жоксуңар деп айтышпайт? Ал кезде Жерге-Тал, Мургаб райондору Кыргызстанга карачу? Анда ошол жерлерди кайтарып алалы тажик тарап болбой эле 1924-1927-жылдардагы карталарга таяна беришсе. Негизи, эл аралык келишимдерде акыркы коюлган келишим күчкө ээ болот. Союз ыдырагандан кийин Алматы Декларациясында эки өлкөнүн тең жетекчилери кол койгон документ күчкө ээ болушу керек болчу. Эмнеге аны өкмөтүбүз бекем карманбай жатат? Советтер Союзу учурунда азыркы аймагыбыздын 21%га жакынын кошуналарга бердик эле. Союз таркагандан кийинкисин деле  сойлоп, жылма саясатын улантышып, жерлерибизди талашып келишүүдө. Негизи белдүү жетекчи, белдүү бийлик гана бул маселени түп тамырынан чече алат.

--Чыр чыкса эле жетекчилер жолугат. Бирок, андан көп узабай кайра эле жаңжал чыгат. Жетекчилердин жолугушуусунан эмне үчүн эл күткөндөй чечим чыкпай жатат?

--Анткени, биздин бийлик тажик тарапка кандай убада бергенин коомчулук менен ачык бөлүшпөй келет. Күн алыс болуп келген натыйжасыз жолугушуулар элди сооротуу үчүн гана. Эл деле сооронбой калды го бул "дүжүр" жолугушууларга. Эл чечкиндүүлүктү күтүп жатат.

--Эмне үчүн алар чырды өздөрү баштаса деле кыргыздар баштады деп доомат койгонду адат кылып алышты?

--Тажик тарап биздин бийликтегилерди "торпок кезинде сүзүп койгондой" түр бардай. Элдин ичинде ушундай сөз бар эмеспи. Биздикилер чек араны коронавируска шылтап, биротоло жаап койсо, көп эле маселе чечилмек. Биздин бийлик рычагдарды колдонбой, көгөрүп эле чек арадагы "жапайы аткезчиликке" жана мыйзамдуу көрүнгөн аткезчиликке көз жумуп келет. Жоготкон акчаны тапса болот. Алдырып жиберген жерди кайтаруу кыйын. Тажик тарап биздикилердин "сырын" жакшы өздөштүрүп алгандай. Ошону коомчулук иликтеп, тактап чыгышы керек. Эки өлкө ички саясаттарында "көзөмөлдүү конфликт" версиясын дагы колдонуп келгендери айтылганы менен, иш жүзүндө биз жерлерибизди тарттырып эле келе жатабыз. Эмне гана дебейли, шалаакылыктын айынан жерлерибиз кетип жатат. Өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал жарыялангандан бери, 10дон ашык чыр орун алды кошуна өлкө менен. Алардын баары ЖМКга чыккан жок. "Өзүңө сак бол, кошунаңды ууру тутпа" деген макалга  учурдагы бийлик маани бербей жатат.

Булак: NazarNews.org

Последние новости