www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 8-майда КРнын Жогорку Кеңешинин V чакырылышындагы депутаты Турат Мадылбеков NazarNews маалымат агенттигине алдыдагы боло турчу депутаттык шайлоо тууралуу маек курду.

--Жогорку Кеңештин 14 депутаты   "Партияга гана эмес, ар бир талапкерге добуш берүү" боюнча мыйзам долбоорун демилгелегени жатышыптыр. Буга сиз кандай көз караштасыз?

--Мен жакында эле,  интернеттен Жргорку Кеңештин 14 депутаты биригип алып, ЖКнын шайлоо мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизгени жатканы жөнүндө маалымат менен таанышып калдым. Булар жетишеби, жетишпейби мен билбейм, эгер активдүүрөк иштесе жетишет деп ойлойм. Анткени мыйзамды июндун аягына чейин кабыл алганга убакыт бар. Булар коюп жаткан мыйзам долбоору менен таанышыбыз жок да, атын эле угуп калдык. "Бир гана партиянын тизмесиндеги адамдар менен  партиянын атына добуш берүү" демек, мыйзам долбоорунун негизинде эки добуш берилет. Бүгүнкү күнгө чейин эл партияга эле добуш берип келсе, азыр партиянын ичиндеги кандидаттарга дагы добуш берип, тандап алуу укугу болот. Бул негизинен акыйкаттуу деп айтам. Анткени, азыркы кезде Кыргызстан боюнча көпчүлүк эл,  анын ичинен Чүй облусунда өзүбүздүн балдар менен сүйлөшүп, ой-пикирлерин угуп турабыз. Алар "бизге качан татыктуу депутаттар келет" деп суроо салышат. Жада калса, айылдагы адамдар айтып жатышат. "Жанагы оюнчук депутаттар, билимсиз, тажрыйбасыз депутаттар келип, кыргыз элин уят кылып атат" деген катуу сөздөр айыл-айылдарда, райондордо жүрүп атат. Ар бир чогулган сайын эле ушул тема жөнүндө талкуулашат. Бул мыйзам ишке кирсе, туура болот. Себеби,  көпчүлүк эл адашпайт деп ойлойм. Кээ бирлери адашып кетиши мүмкүн. Бирок баары эмес. Анткени, баары Жогорку Кеңештин депутаттары бирдей  компоненттүү, билимдүү, тажрыйбалуу, кругозору кенен, карапайым элге жакын болгон, Кыргыз мамлекетинин чөнтөгүнөн уурдабаган, мамлекеттин эсебинен байыбаган адам келишин каалайт. Азыр мен билбейм, алардын мыйзамында барбы, жокпу. Биздин эки шаар, жети облус бар эмеспи, ошону 9 окург кылып туруп, бүгүнкү күндө 120 мандат бар да, ошол 120 мандатты алдын ала эле, мыйзам боюнча ошол ар бир региондо жашаган элдин санына жараша,  мисалы, Чүйгө 22-23 мандатты бөлүп койсо, Ошко, Жалал-Абадка ж.б. шайлоочулардын санына жараша бөлүштүрүп койсо туура жана калыс болот. Биз аял кишинин квотасы, эркек кишинин квотасы, инивалиддердин квотасы, бөлөк улуттун квотасы же болбосо, жаш балдардын квотасы деп бөлүп-бөлүп жүрбөй, бул жерде бир гана конкуренция болот. Мына ошол конкуренциядан чыккан адамдар депутат болсо, эл дагы булар мындай-тигиндей депуттаттар деп сындагандан да качып калат. Себеби, өздөрү шайлап алып атат да. Ошон үчүн колдойт элем. Эгер ушундай мыйзам кабыл алынып калса, демократияга болгон дагы бир кадамыбыз алдыга жылат эле. Башка өлкөлөргө да үлгү боло тургандай мызам болот эле. Экинчи жагынан кантип элдин добушун саттырбайбыз, мына ошол жөнүндө ойлонушубуз керек. Дагы, кайра акча менен сатып алабыз деп киришет. Ушул жагын кандайдыр бир мыйзам менен бөгөт коюп, биздин, элдин кулк-мүнөзүн өзгөртүүгө багытталган мыйзамдарды кабыл алышыбыз керек деп ойлойм.

--Эгер  сиз айткандай, мыйзам кабыл алынып калса, дагы кандай өзгөрүүлөр болот деп ойлойсуз?

--Эгер мен айткандай мыйзамды кабыл алып калышса, мисалы, Чүй облусунан, ар бир партиядан 6дан 7ден адам чыкмак. Ошол 6-7 адам өзүнчө конкуренция болот. Биринчи партиялардын ортосундагы конкуренция, экинчи партия ичиндеги кандитаттардын ортосундагы конкуренция. Ким биринчи ким экенчи орунду алат, тизмеде алган добуштарына жараша  турушу керек.

--Азыркы Жогорку Кеңештин депутаттары, аталган мыйзамды  жалпы колдоп берет болду бекен? Себеби, ар кандай ой-максаттар менен жүргөндөр бар...

--Туура, кеп ЖКнын депутаттары колдойбу, колдобойбу. Алар өздөрү дагы элдин каалоосу менен эмес, партиянын лидеринин каалоосу менен келгендер көп да. Мына ошолор колдобошу мүмкүн. Эгер жалпы коомдук жарандар, чогуу баарыбыз үн чыгарсак, ошол колдобойм деген депутаттар дагы колдошу мүмкүн деп ойлойм.  Анан партиянын лидери дагы ойлонот, тизмеге кимдерди кошсом деп,  ар бир регионду иликтеп, изилдеп, билимдүү, тажрыйбалуу адамдарды издешет. Анан "мен ушул адамдарды таап келдим, өзүңөр шайлагыла", деп ошол адамдарды  элдин астына алып келип коёт.. Мына бул акыйкаттуулук деп эсептейм. Ошондой кылышыбыз керек. Элдин өз эркине берсек, акчасы жок, карапайым акылдуу адамдар келет. Аны менен бирге анча-мынча олигархтар деле келет. Аны биз таптакыр жоюп сала албайбыз. Ал биз, ушундай бир канча шайлоолорду өткөргөндөн кийин тазаланат. Андыктан, биз багытты туура алышыбыз керек. Кийинки муун билбей калды го. Эгемендүү мамлекет болгондон кийин l-llчи чакырылыштын депутаттары акчасы жок эле, элдин алдына чыгып, жолугушууларды өткөрүп жүрүп депутат болуп келишкен. Андан кийин lll чакырылыштын депутаттарынан баштап,  акча таратмай башталды. Акча менен сатып алса болот экен деп эл да көнүп калды. Келечекте ушундай процесстин жүрүшү убакыттын өтүшү менен тазаланат.

Булак: NazarNews.org

Последние новости