www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Талас облусунун тургуну “Апрель баатыры” Төлөгөн Наралиев бүгүн, 8-апрелде NazarNews.kg маалымат агенттигине Райымбек Матраимов тууралуу пикирин айтып, ыраазычылыгын билдирди.
--Адам баласы күч кубатка толуп, толук кандуу үй-бүлө ээси болуп, бала-бакыралуу материалдык жактан жетишкен, барктуу уул, беделдүү ишмер, ар тараптуу инсан деңгээлине жетишүүсү чоң жетишкендик болсо, мамлекеттик жана улуттун кызыкчылыгын коргогон инсан болуу өтө кыйын. Кыргыз элибиз эми туура жолго түшүп, салтыбызга туура келбеген адамдардын жолуна түшпөй, айкөлдүккө, аруулукка, адилеттүүлүккө, нарктуулукка үйрөнүшүбүз керек. Коронавирус дүйнө элине мүшкүл салып, кыргыз элинин босогосуна кадам аттап келгенден бери “Исмаил ата” кайрымдуулук фонду республиканын бардык аймактарына көмөк көрсөтүп, түпкүлүктүү кыргыз элин түрө жардам берди. Кыргызда “пейили кенен кем болбойт”, - деген. Калайыктын талкуусуна калып, соккусуна чыланса дагы Райымбек Матраимовдун акыркы кадамдарына терең ыраазы болдум.
“Күчтүү болсоң жердей бол, баарын чыдап көтөргөн, таза болсоң суудай бол, баарын жууп кетирген” деген макалга ушул жигит төп келди. Сабырдуулугу мени таң калтырды. Сөз эркиндигиби, айтор, катуу талкууга алынды. Эл башына иш түшкөндө минтип жардам берип атканы чоң нерсе. Буларга окшогон капчыктуу фонддор менен байлар толтура, көпчүлүгү унчукпай эле олтурат. Матраимовдор Түштүк жергесине гана эмес, мамлекеттин бардык аймактарына жардам берип жатат. Бул деген чоң эрдик. Бул чоң азаматтык. Мына, кечээ, Талас облусуна 50 тонна ун жана башка азык-түлүктөр жеткирилип, облустагы төрт районго жана шаардагы аз камсыз, жардамга муктаж үй-бүлөлөргө ун жана башка азык-түлүктөр таратылып берилүүдө.
--Райымбек Матраимовдорго буга чейин пикириңиз кандай болгон?
--Менин башыман көп нерсе өттү. Ким айтса эле ишенип, чекени кармап, башты төмөн салып олтура турган мезгилден өттүк. Элдин арасынан Матраимовдор мыкты болуп суурулуп чыкты. Жемеден жемеге калса дагы, атырылып чыкпай, жигиттик сабырдуулугун көрсөттү. Ким алардын жаман адам экенин так, даана көрсөтүп берип жатат? Менин Райымбек Матраимовго болгон оюм түз, көп жерлерде, жыйындарда, “Матраимовдор тууралуу “паника” кылбагыла, кайдагы көчө сөздөрүнө ишенбегиле, элдин арасынан ушуларга окшогон элин баккан азаматтар чыгат, мындай жөрөлгө ата-бабадан бери улантылып келе жатат, кыргыз эли ушундай башына иш түшкөндө бири бирине жардам берет”, - деп. Чындыгын айтсам Райымбек Матраимовду тааныбаймын дагы, бирок алар каттуу талкууга түшкөндөн кийин Ош шаарындагы досторумдан сураштырсам “баары калп, буларды жөн эле жаман атты кылып жатышат” деп, алар тууралуу жакшы пикирлерин айтышкан. Райымбектин бир тууган агасы Жогорку Кеңештен депутаты Искендер Матраимовду талкууларда көрүп атамын, суроолорго так-так жооп берип атпайбы. Азыр Таласта, “элге Жумабековдер жардам берип жатышат” дейт, алар эмес Райым Матраимов жардам берип жатат, маалыматты ары-бери бурмалабай туура жана так элге жеткирип койсоңуздар”, - деди “Апрель баатыры” Төлөгөн Наралиев.
Эске сала кетсек, кечээ, 8-апрелде Талас обулусуна “Исмаил ата” кайрымдуулук фонду тарабынан 1 000 кап, тактап айтканда, 50 тонна ун жөнөтүлгөн. Эртең, 9-апрелде дагы кайрадан 50 тонна ун жиберилет.
Булак: NazarNews.kg