www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талас облусундагы дыйкандар төө буурчактын быйыл көп өстүрүгөн лопатка деген сорту (ак түстө) сатылбай жаткандыгына нааразы болуп жатышат.

Бакай-аталык дыйкан Алмазбек Жапаркуловдун айтымында, аталган сорттогу төө буурчагын 3 күндөн бери сата албай жатат.

«Азыр тойлордун убагы. Тойго кошумча үчүн деп түшүмдүн четинен сатып жатабыз. Мына 3-4 күндөн бери Талас шаарындагы төө буурчак алуучу жайларга лопатка сортундагы төө буурчакты алып барып жатабыз. Бирок албай жатышат. Акыркы жолу 1 жума мурун лопатка сортундагы төө буурчактан 54 кг саткам. Аны дагы 1 кг 45 сомдон өткөргөм. Баарыбыз төө буурчак өстүргөн соң мындай абалга нааразыбыз», - деди ал.

Талас шаарынын тургуну Сүйүнт Амангелдиевдин айтымында, төө буурчактар башында 55 сомдон сатылса, кийин 10 сомго арзандап кетти.

«Мен кошумча киреше катары 1 гектарга төө буурчак өстүргөм. Биз төө буурчактын лопатка түрүн тигебиз. Башында улам баасы көтөрүлүп 55 сом болуп турду эле андан соң баасы 10 сомго түшүп кетти. Президентибиз төө буурчак иштетүүчү заводтдун ачылышына келип кетти. Бирок төө буурчак маселесинде баасы жөнүндө сөз айтылган жок. Ажобуз келип кеткени баасы кыйла түшүп кетти. Бир нече күндөн бери төө буурчактын лопатка түрүн көп жерлерде албай да калышты», - деди ал.

Талас шаарындагы төө буурчак сатылуучу жайдагы алармандардын айтымында, лопатка төө буурчактар буйрутма жоктугунан улам алынбай жатат.

«Төө буурчактын лопатка түрүн албай калганыбызга буйрутма жок болуп калгандыгы себеп болуп жатат. Лопатка сортун албай жатканыбызга бир нече күн болду. Ал эми кызыл чаар, скороспелка түрлөрүн 52 сомго чейин алып жатабыз», - деди алар.

Булак: "Турмуш"

Последние новости