www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талас облусунун Бакай-Ата райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлерине "жарандарды кыйноого алды" деген айып менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүдө айтылгандай, аталган РИИБнын кызматкерлери өткөн жылдын 25-декабрь айында М.А. аттуу адамды күч колдонуу менен бөлүмгө алып келишкен. Кармалган адамдан мал уурдоо фактысын моюнга алууну талап кылып, башына полиэтилен пакетин кийгизип, уруп-сабашкан.

Ушул жылдын январь айында жасалган соттук-медициналык экспертиза М.А. аттуу адамдын денесинде ур-тепкинин белгилери бар экенин көрсөткөн. Февраль айында жасалган соттук-психиатриялык экспертиза болсо ал травмалардан олуттуу стресс алганын аныктаган.

Бул жаранды кыйноого алган бир нече милиция кызматкерине карата Талас облусунун Бакай-Ата райондук прокуратурасы Кылмыш кодексинин 305-1-беренеси ("Кыйноо") боюнча кылмыш ишин козгогон. Ишти тергөө УКМКнын Талас облустук бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.

Уурдалды делген мал коңшулардын үйүнөн табылган. Натыйжада ал иш боюнча кылмыш иши токтотулган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости