www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын Ички иштер министрлиги криминалдык төбөл Камчы Көлбаевге Орусия Федерациясынын аймагына кирүү тыюу салды.

Бүгүн primecrime.ru сайты Камчы Көлбаев Орусия үчүн “персона нон-грата" болуп жарыяланганын жазган. Маалымат каражаты Орусиянын Ички иштер министрлигинин кызматкерлери бул боюнча буйрукту Бишкекте ИИМдин имаратында Көлбаевдин өзүнө тапшырып жаткан видеосун да тараткан. Ал видеодо Көлбаев эскертүү кагазына кол коюп, бир нече суроолорго жооп берип жатканын көрүүгө болот.Бул тууралуу Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев билдирди. Анын айтымында, Орусия ИИМинин өкүлдөрү Бишкекте Көлбаевге карата профилактикалык иштерди жүргүзүп, ага эскертүү берди.

Эске салсак, Камчы Көлбаев 2008-жылы Москвада "мыйзамдагы ууру" макамын алып, бир катар криминалдык төбөлдөрдүн катышуусунда "таажы тагынганы" айтылган.​ 

Былтыр декабрда АКШда Камчы Көлбаевди да “кара тизмеге” киргизген. Вашингтон андан мурдараак, 2012-жылы Камчы Көлбаевди дүйнөдөгү эң ири наркобарондордун тизмесине кошкон. Аны ошол жылы Дубайдын полициясы кармап, кайра коё берген. Атайын кызмат Көлбаевге “кылмыштуу топ түзгөн, курал жана баңгизат сактаган, бийлик өкүлүнө күч колдонгон, киши уурдаган жана адамдын денесине залал келтирген” -деген сыяктуу 10 берене боюнча айып таккан. Тергөө учурунда ага каршы көрсөтмө берген жабырлануучулар да, күбөлөр да сотко келгенде мурдагы көрсөтмөлөрүн танып, Көлбаевге эч кандай доосу жок экенин айтып чыгышкан. Ал 2014-жылы жайында абактан бошогон жана кайра Дубайга кеткени тууралуу маалыматтар болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости