www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
37 жаштагы Бразилиянын жашоочусу ак халатчандардын катачылыгынан улам аябай кыйналып жан берген. Байкуш аялды туугандары өлдү экен деп ойлоп тирүүлөй көмүп салган деп билдирет НТВ.
Розангела Алмейда душ Сантос деген Бразилиянын тургуну эки жолу жүрөгү токтоп кайра жакшы болуп кеткен. Жергиликтүү тез жардам кандайдыр бир деңгээлде мындай оорулар менен күрөшүүдө алсыз болгондуктан 28 январда Розангела Алмейда душ Сантосту өзүн жоготуп койгон абалын «септический шок» болду деп согуп жаткан жүрөгүнө карабастан өлүкканага жөнөтүп койгон. Эртеси күнү аялды жакындары жерге берип коюшкан.
Аял көмүлүп калгандан кийин табыттан өзүнө келип жардам сурап кыйкыра баштаган. Бирок баары куру бекер болгон.
Анткени анын жардам сурап кыйкырганын эч ким түшүнгөн эмес. Мүрзөнүн жанын өткөн адамдардын баары мүрзөдөн чыккан түшүнүксүз үндөн коркуп жергиликтүү элге кайрылган.
Жергилктүүлөр 9чу февралда гана каза болгон аялдын туугандарына түшүнүксүз окуяны айтып беришкен. Ошондо гана туугандары мүрзөнү кайра казып көрүүнү туура көрүшөт. Мүрзөнү ачканда баары кеч болуп калган эле.
Анткени туугандары табытты ачканда аялдын денеси муздап калган. 11 күн катарынан жардам сурай берип чарчаган аялдын жүзү канга боелуп, табытына коюлган гүлдөр болсо тырмактарынын учуна кирип кеткен.
Булак: NazarNews.kg