www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Таластагы “Бала-Саруу” ГЭСинин биринчи агрегаты ушул жылдын 22-декабрында ишке берилет. Бул тууралуу энергетика министри Доскул Бекмурзаев министрлер кабинетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, аталган ГЭСтин курулушуна австриялык компания тарабынан 2 млн евродон ашык каражат которулду.

“Талас облусундагы “Бала-Саруу” ГЭСинин 5 мегаваттык (МВт) биринчи агрегаты ушул жылдын 22-декабрында ишке берилет. 2023-жылдын 1-апрелинде калган эки агрегаты бүткөрүлүп, толугу менен иштей баштайт”, - деди министр.

“Бала-Саруу” ГЭСин куруу долбоору жалпы кубаттуулугу 25 мегаватт болгон үч генераторлуу ГЭСтин курулушун ичине камтыйт. Ал жылдык орточо 92 миллион кВт саат электр энергиясын өндүрөт.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын 29-августунда президент Садыр Жапаров Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Киров суу сактагычында”Бала-Саруу” жаңы ГЭСинин курулушуна капсула салган.

Белгилей кетсек, иш-чарада 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө министрлер кабинетинин отчету угулууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости