www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Таластагы жайлоодон жоголуп, Казакстанга өтүп кеткен 16 баш жылкы ээсине кайтарылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 1-августта Үч-Эмчек айылынын 1989-жылы туулган Ж.уулу М арыз менен кайрылган. Анда 20-июлда Талас районуна караштуу Кең-Кол жайлоосунан жайылып жүргөн жеринен жылкылары жоголуп кеткендигин билдирген.
Билдирүү РИИБинин маалыматтарды эсепке алуу электрондук журналына катталып, текшерүү иштери башталган
Талас РИИБдин начальниги милициянын полковниги Майрамбек Калманбетов Казакстандын Жамбыл облусунун Рыскулов районунун полициясынын начальниги подполковник Шалкар Даулеткулов менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Жыйынтыгында Кең-Кол жайлоосунан жоголгон 16 баш жылкыны Казакстан Республикасынын Рыскулов районуна караштуу Кайыңды айылдык аймагынан таап, ээсине кайтарып беришкен.
Булак: NazarNews.kg