www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү М.М.Мураталиевге, “Таза коом үчүн” коомдук бирикмесинин төрагасы, Апрель элдик революциясынын Баатыры, Талас облусунун Көк-Ой айылдык кеңешинин депутаты, Талас районунун ардактуу атуулу Р.Сарногоев Кайрылуу жазды. 

Урматтуу Марат Молдонович!

Биздин Сизге кайрылуубуздун себеби, өз калыс сөзүбүздү айтууну чечтик, бул кадр маселеге байланыштуу.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаркыналиева Азият Шаболотовна жөнүндө сөз болуп жатат, анын айынан акыркы убакта аппаратта интрига, ушак, бөлүнүп жарылмай, башка бирөөлөрдү жамандоо, кемсинтүү, оройлук өтө өркүндөп кеткен. Жумушунда одоно кемчиликтер, коррупцияга байланышкан иштер орун алгандыгы тууралуу жарым жыл мурун Кыргыз Республикасынын  Президенти, Премьер-министри, Жогорку Кеңештин айрым депуттарына кайрылуу жолдогонбуз. Бирок жыйынтык бүгүнкү күнгө чейин чыккан жок.

Буга дагы ден-соолугуна байланыштуу анын төрт айдан бери убактылуу эмгекке жарамсыздыгы  болуп  жатат.

Өз ишинде мурун кетирген олуттуу кемчиликтери үчүн, ишин тиешелүү деңгээлде алып бара албаган кызматчыга облустун жогорку кызматына жол берилиши, Өкмөт тарабынан мындай көрүнүштөргө кайдыгер болгону, иш алып баруусуна баа берилбегендиги жана бүгүнкү күнгө чейин маселе чечилбегени, идеялогиялык жана социалдык иштин деңгээлинин төмөн  түшүшү коомчулукта нараазычылыкты туудурган.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-сентябрындагы  №434 токтому менен бекитилген “Убактылуу эмгекке жарамсыздыгы боюнча...”  Жобонун 5-чи пунктунда көрсөтүлгөндөй: Өндүрүш менен байланышпаган эмгектик мертинүүнүн айынан  келип  чыккан кызматкерлердин убактылуу  эмгекке жарамсыздыгы, комиссиянын чечими менен гана таанылат деп жазылган. А.Жаркыналиева боюнча Сиз тараптан комиссия түзүлүп, анын эмгекке жарамдуулугун, бул нерсеге алып келген кырсык боюнча  орган кызматкерлеринин катышуусу менен акт түзүлдү беле?  Себеби 4 айдан бери эмгекке жарамсыздык баракчасын ачып, жумушка чыкпай келүүдө.

Ошондуктан  Сиз, Марат Молдонович, Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, иш берүүчү катары  А.Жаркыналиева менен байланышкан маселени тез аранын ичинде  чечишиңиз керек, же ден-соолугуна байланыштуу жумуштан бошотуу, же башка жумушка которуп, андан ары анын өз ден-соолугуна  кам көрүүсүнө  мыйзам чегинде карап беришиңиз керек. Жогорудагыларды эске алуу менен, төмөндөгүдөй  талаптарды  койобуз:

  1. А.Ш.Жаркыналиеванын пенсиялык жашы туура келгендигине жана убактылуу эмгекке жарамсыздыгын (4 ай) эске алып кызмат ордун тез аранын ичинде  чечүүнү.
  2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-сентябрындагы №434 токтому менен бекитилген "Убактылуу эмгекке жарамсыздыгы боюнча..." Жобонун  негизинде А. Ш. Жаркыналиеваны мындан ары эмгекке жарамдуулугун убактылуу жоготушуна байланыштуу, медициналык-социалдык экспертиза жүргүзүү жана аныктоо үчүн Аймактык медициналык- социалдык эксперттик комиссияга (МСЭК) жөнөтүү.
  3. Эмгекке убактылуу жарамсыздык боюнча жөлөк пулду  туура  дайындоо, эсептөө, аны өз учурунда  төлөө жана бул максатка каражаттарды чыгымдоо үчүн  жоопкерчиликти иш берүүчү тартаарын, ал эми коомдук контролдук кылуу кызматкерлердин  кесиптик бирликтерине жүктөлөөрүн эскерте кетебиз.
  4. Ал мамлекеттик кызматка социалдык маселелерди  терең түшүнгөн, бардык тепкичтерден өткөн, тажрыйбалуу кызматкерди дайындоону суранабыз.

Көптөн бери чечилбеген көйгөйдү чечкиндүүлүк менен, тайманбастан чечип берериңизди  жана бул маселени оң чечип берет деген ишенимдебиз.

Сизди терең урматтоо менен, коомчулуктун атынан Р.Сарногоев.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости