www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Талибдердин анабашчылары жаңы өкмөттүн түзүмүн жана курамын аныктоого киришип, бул боюнча тиешелүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзө баштаганы кабарланды.
Азырынча “Талибан”* кыймылынын жаңыдан түзө турган өкмөтү эмне деп аталары, жалпы табияты, башкаруу тутуму кандай болору тууралуу маалымат жок. Ошол эле кезде талибдердин лидерлери буга чейин бийликти жалгыз өзү басып албай, инклюзивдүү өкмөт түзүүгө кызыкдар экенин жарыялаган болчу. Азыркы учурда анын курамына кайсы күчтөрдүн өкүлдөрү кирери белгисиз.
Бирок Кабулду басып алып, бүтүндөй өлкөгө көзөмөл орнотконун жарыялаганы менен “Талибан”* анын бийлигин тааныбай турганын жарыялаган түндүк аймактардын каршылыгына дуушар болду.
“Талибанга”* каршылык көрсөтүү кыймылын Панжшер өрөөнүнөн чыккан аскер кол башчысы маркум Шах Масуддун уулу Ахмад Масуд жетектейт. Ага Ооганстандын биринчи вице-президент Амрулла Салих менен маршал Абдул Рашид Дустумдун тарапташтары келип кошулганы кабарланган.
Талибдерге баш ийбей, Ооганстандагы тажик жана өзбек тектүү кошуундардын башын бириктирген “Түндүк альянсты” жетектеп келген Шах Масуд “Панжшердин арстаны” деген атакка ээ болгон. Анын кошуундарынын мизин кезинде советтик аскерлер дагы майтара албаганы аңыз болуп калган.
Афганистандагы абал
Августтун биринчи декадасында талибдер Афганистандын өкмөттүк күчтөрүнө жасаган чабуулдарын активештире баштаган. Алар ири шаарларга кол салып, 15-августта Кабулга киришкендигин жана президенттик сарайды алгандыгын кабарлашкан.
Афганистандын президенти Ашраф Гани "кандуу булоондун алдын алыш үчүн" өлкөдөн чыгып кеткендигин билдирген. Ал эми 16-августка караган түнү "Талибандын"* саясий кеңсесинин өкүлү Мухаммед Наим Афганистандагы согуш аяктагандыгын жар салган.
Гани өлкөдөн качкандан үч күн өткөн соң Бириккен Араб Эмирлигинен видео кайрылуу жасап, жакынкы күндөрү мекенине кайрылып келерин айткан. Вице-президент Амрулла Салех Баш мыйзам боюнча мамлекеттин башчысы болуп каларын билдирип, талибдерге курал менен каршы чыгууга чакырык жасаган.
Учурда Афганистандан кара жол аркылуу чыккан чек аралардын бардыгын талибдер каратып алган. Афганистандыктар менен анда иштеп жаткан чет элдик миссиялардын кызматкерлерин Кабулдагы аэропорт аркылуу алып чыгып кетип жатышат. Бүгүнкү күндө ал АКШ менен НАТО күчтөрү кармап турган бирден-бир аймак.
Булак: NazarNews.kg