www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркмөнстан Ооганстан элине кезектеги гуманитардык жардамын жөнөттү. Азык-түлүк жүктөрү 2-майда Акине портуна жеткирилип, оогандарга өткөрүлүп берилген. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктары жазып чыкты.

Бирок Ооганстанда гуманитардык жардамды «Талибан» кыймылынын жоочулары тартып алган. Жүк Майман шаарына жетпей калган.

Түркмөнстан Фаряб аймагындагы аз камсыз үй-бүлөлөргө жашылча-жемиш, жумуртка сыяктуу азык-түлүк жөнөткөн. Жолдо жүктү «Талибан» кыймылы карактап кеткен.

«Талибандын» мындай аракети жосунсуз. Биз бул жардамды колунда жок замандаштарыбызга таратууга ниеттенгенбиз. Мындан тышкары бул жардамды «Талибан» кыймылынын көзмөлүндөгү айылдардын жашоочулары да алмак. Бирок гуманитардык жүктү жоочулар тоноп кетти», – деди Ооганстандын Фаряб облусунун башчысы Накибулла Файип.

Накибулла Файип «Талибан» жүк салынган бир автоунааны аскер лагерине жөнөткөнүн айтты. Калган төрт жүк ташуучу унааны ачык жерде, ысыкта кармап турушат. Ичинде тез бузула турган азык-түлүктөр бар.

Жергиликтүү кеңештин депутаттары «Талибан» өкүлдөрү менен сүйлөшүү үчүн жөнөтүлгөн. Ага чейин аксакалдар дагы талибдерге кайрылып, жүктү кайтарууну өтүнүшкөн. Бирок алар азырынча эки жактын тең суранычына макул боло элек.

Булак: NazarNews.org

Последние новости