www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Болжол менен 10 күн мурун Афганистанды басып алган талибдер "жалпы мунапыс" жарыялаган. Бул билдирүүдөн көп өтпөй, Талибандын согушкерлери Афганистандын Гератка жакын Бадгис провинциясында полиция башчысы Хаджи Мулла Ачакзайды өлтүрүштү. Бул тууралуу маалыматты дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Бейшемби күнү Твиттерде бөлүшүлгөн видеодо Ачакзайдын көзүн байлап, талибдердин курчоосунда тизе бүгүп, аны бир нече жолу атып салганын көрүүгө болот.

“Бул видеону талибдер менен байланышкан тармак аркылуу бөлүштү” деп билдирген Ачакзайды жеке тааныган ооган коопсуздук боюнча кеңешчиси Насер Вазири Newsweek басылмасына. “Видеону башка полиция жана мамлекеттик кызматкерлер карап чыгышты” деген Вазири кошумчалай.

Козголоңчулар Афганистандын жарандык Өкмөтү менен бирге талибдер менен көптөн бери күрөшүп келген Ачакзайды издеп жүрүшкөн.

“Аны талибдер курчап алышкандыктан багынып берүүдөн башка аргасы калбаган. Ачакзай жогорку даражалуу чалгын кызматкери болгондуктан, аны талибдер өлтүрүшкөн” ,-деди Вазири.

Ачакзай талибдер тарабынан бутага алынган көптөгөн жарандык Өкмөт өкүлдөрүнүн бири.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости