www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Талибдер ооган университеттеринен кыздар үчүн сабактарды кийинки эскертүүгө чейин токтотууну талап кылышты. Бул тууралуу Associated Press талибдердин өкүлүнө таянуу менен билдирди.
AP агенттиги билдиргендей, кыздардын университетте окуусуна тыюу салуу чечими өкмөттүн жыйынында кабыл алынган. Ооганстандын Жогорку билим берүү министрлигинин басма сөз катчысы Зиаулла Хашми AP агенттигине берилген билдирүүдө, жеке жана мамлекеттик университеттер тыюуну мүмкүн болушунча тезирээк ишке ашырышы керек жана ал күчүнө киргенде агенттикке кабарлашы керек.
Үч ай мурун миңдеген ооган кыздары ЖОЖдорго кирүү экзамендерин тапшырышкан, бирок алар окуй турган адистиктерге буга чейин эле катуу чектөөлөр киргизилген: ветеринария, инженерия, экономика жана айыл чарбасы тыюу салынган, журналистикага чектөө коюлган.
2021-жылдын августунда талиптер бийликке келгенден кийин Ооганстанда эркектер менен аялдар үчүн өзүнчө билим берүү жана университеттерге өзүнчө кирүү киргизилген. 2021-жылдын сентябрында талиптер кыздарга кийинки эскертүүгө чейин окууга тыюу салган.
Булак: NazarNews.kg