www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Салык кызматы тойду тейлеген жүздөн ашык жаран салык мыйзамдарын бузганын аныктады. Эки айлык текшерүүнүн жыйынтыгында 44 тамада, 36 сүрөтчү, 6 музыкант, 13 видеого тартуучу жана 10 бий тобу уруксат берүүчү документтери, тактап айтканда ыктыярдуу патенти жок иштеп жүрүшкөнү ачыкка чыкты.
Салык кызматы Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Аламүдүн районунда өткөрүлгөн эки айлык рейдде тойдо кызмат көрсөткөн 320 ишкерди текшерүүгө алган. Салык кызматы тарабынан 769,2 миң сомго 211 гана патент берилген. Калгандары арзан эле баадагы патент алуудан качып, бир гана жеке өздөрү үчүн иштеп жүрүшкөн.
Салык мыйзамын бузгандарга карата акт түзүлдү. Текшерүү дагы уланмакчы.
Чынында тамадалар күндө тойдо жүрүшүп, жакшы акча табышат. Анан байкуш боло беришет.
Булак: "Багыт"