www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин коменданты тапкыч тургунду издеп тапты

Бүгүн, 27-апрелде социалдык тармакта Бишкек шаарынын коменданты үй-жайсыз, географиялык жактан тапкыч мекендешибизди "адамдык колдоо көрсөтүү үчүн" издеген болчу. Буга байланыштуу коомчулук тапкыч тургундун турган дарегин айтышкан. Мисалы, Эмил Кадыров аттуу Фейсбук колдонуучусу: “Комендант издеген ушул киши беле? Аламүдүн -1 кичи районундагы "Оомат" дүкөнүнүн жанында күтүп жатат",-деп айткан. 

Ал эми комендант Алмазбек Орозалиев изделген жаран табылганын, тиешелүү кызматкерлер ага кеткенин жарыялап: 

"Кайрат мырзадан кыргыз элине салам!

Урматтуу Бишкек шаарынын тургундары! Сиздердин ыкчам жардамыңыздар менен бүгүн Кайрат мырзага жолуктук. Алгач сиздердин колдооңорго ыраазычылык билдирем. Ушул оор күндөрдө бири-бирибизге жардам көрсөтүп туралы.

Кайрат мырзанын ачык көңүлдүүлүгүнө жана мээримдүүлүгүнө баа бердим. Себеби берилген азык-түлүктөрдү биринчи ирет жакындары жана муктаж болгондор менен бөлүшөөрүн айтты. Кызматкерлерим тарабынан өзү сураган жерине жеткирилди. Өздүгүн тастыктоочу документтерин алууга жардам беребиз. Бардыгыңыздарга ыраазычылык. Бишкек шаарында абал туруктуу жана биздин көзөмөлүбүздө",-деп билдирүү калтырган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости