www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги Төлөгөн Келдибаевди кепке тартып, карантиндин кесепетинен пайда болгон маселелер боюнча ой бөлүштү.

--Төлөгөн мырза, карантинден кийин экономиканын кайсыл тармагын көтөрүүнү колго алсак, маселе жеңилирээк чечилет?

--Карантинден кийин өлкөнүн экономикасын көтөрүүгө айыл-чарба тармагын, азык - түлүк өндүргөн кичи жана орто ишканаларды ачуу керек. Ошондой эле буга чейин иштеген ишканаларды жандандырып, токтоп калгандарын ишке киргизүүгө каражат  жагынан өкмөт колдоо көрсөтүп туруучу мезгил келди. Мындан сырткаркы азык- түлүк коопсуздугун чечиш үчүн кылкандуу дан эгиндерин айдап, себүү иштерин колго алыш керек. Айыл чарба министрлигинин кургак  отчётторуна  ишенип, кыйратып жатыптыр деп  өзүбүздү алдап отура бербешибиз керек. Тагыраагы, айыл чарбасына да татыктуу адамдар келиш керек.

--Эгер карантин дагы узара турган болсо, кайсыл ишканалар карантиндин бүтүшүн күтпөй эле ишке кириши керек деп ойлойсуз?

--Карантин учурунда калкты тейлеп кызмат көрсөткөн ишкана, мекемелер менчик экенине  карабастан этап  менен ишке кириши керек. Андан кийин кырдаалга жараша калган ишканалар ачылат.

--Ишкерлердин жана кайдыгер эмес адамдардын жардамы менен  атайын эсепке чогулган ири суммадагы каражат кайда жумшалышы керек?

--Атайын эсепке чогулган каражат негизинен медицина тармагын өнүктүрүү, жугуштуу ооруларды алдын алуу, коргонуу максатындагы иштерге  жумшалышы керек деген ойдомун.

--Бирок, атайын эсепке чогулган каражат медиктердин кем-карчына эмес, башка максатка колдонулуп кетсе не болот?

--Атайын эсепке чогулган каражат медицина тармагын анын ичинен жугуштуу ооруларды алдын алууга багытталгандан башка жакка колдонгонго тагыраагы, бөлүп бергенге негиз жок. Анткени, атайын эсепке акча бергендердин биринчи максаты жугуштуу оорулар менен күрөшүү бөлүмдөрүндөгү мышык ыйлаарлык абалды жөнгө салуу үчүн которушкан. Ошон үчүн атайын эсепке чогулган акча максатсыз жана пайдасыз жакка чыгымдалбашы керек. Башкача айтканда, эгер акча туура эмес жакка пайдаланылып кетсе, эл ичине нааразычылык чыгат...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости