www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Тарых музейин оңдоо жана Чолпон-Атадагы ипподромду реконструкциялоо боюнча кылмыш иши аяктады. Процессте судья Марат Сыдыков төрагалык кылды.
Сот мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин "Коррупция" беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, 18 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды.
Ошондой эле, Сапар Исаков мамлекетке 247 миллион 650 миң 281 сом төлөшү керек.
Президенттик аппараттын жарандык өнүгүү, диний жана этникалык саясат бөлүмүнүн мурунку башчысы Мира Карыбаева Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча айыптуу деп табылды. Мурунку кызмат адамы мамлекетке 260 миң сом айып төлөшү керек.
Эске салсак, 2018-жылдын июлунда Башкы прокуратура Мамлекеттик тарых музейинин имаратын реконструкциялоо жана жабдууларды сатып алууга бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу боюнча кылмыш ишин козгогон. Мамлекетке келтирилген зыян 307 миллион 650 миң сомду түзгөн.
Булак: NazarNews.kg