www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бул маселе боюнча баяндаманы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиев жасады.
Сунушталган өзгөртүүлөр боюнча мыйзамдын аталышы “чет элдик жарандар” деген сөздөн кийин “жарандыгы жок кишилер” деген сөз менен толукталып, 1 - берененин экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылат. 1-1 беренени төмөндөгү сөздөр менен толуктоо каралууда: “Кыргыз Республикасында жарандыгы жок киши деп чет өлкөнүн жарандыгына таандык экенине далили жок адам эсептелет. Жарандыгы жок адамга күбөлүк берилет, ал күбөлүк өздүгүн аныктаган жана жарандыгы жок адамдын макамын тастыктаган документ болуп саналат. Жарандыгы жок адамдын күбөлүгү нукура жүрүү документи болуп саналат. “Жарандыгы жок адамдын” макамын аныктоонун тартиби жана жарандыгы жок адамдарга күбөлүктөрдү берүүнүн жол - жобосу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
Мындан тышкары, комитет «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун биринчи окуудан карап, жактырды.
Булак: NazarNews.kg