www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Эгер Зилалиевдин айткандары чын болсо, Сооронбай Жээнбеков жоопко тартылсын», - деди бүгүн, 5-февралда NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Ташболот Балтабаев.
- Ташиевдин парламенттен сүйлөгөн сөзү, коррупционерлерге болгон эскертүүсү коррупцияны чектөөгө салым кошобу?
- Мен эскертүүгө эмес, кандай жыйынтык чыгат ошого ишенүүгө чакырат элем. Эскертүү - бул иш эмес - сөз.
- Сооронбай Жээнбековдун үстүнөн жазылып жаткан арыздар аны каматуунун аракетиби?
- Сооронбай Жээнбековдун ээрден оодарылгандан кийин арыз жазгандардын артында ким турат, кандай максаттарды көздөп жатканы баарыбызга эле түшүнүктүү да. Биз кызматтан кеткенде эмес, такта отурганда бетине айтканга үйрөнүшүбүз керек.
- Зилалиев мени алды деген миллиондордун баары Сооронбай Жээнбековдо деген маалыматтарды чыгара баштады го. Ишенсек болобу?
- Зилалиев башында айтпай эми Сокеге оодарып жатканы чындыкка дал келеби же жокпу тийиштүү органдар тактасын. Эгер Зилалиевдин айткандары чын болсо, Сооронбай Жээнбеков жоопко тартылсын. Орустар айткандай «лучше поздно, чем никогда».
Булак: NazarNews.kg