www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министр Улан Ниязбековдун өмүр баяны

3-февралда Жогорку Кеңеште өкмөттүн жаңы курамы жактырылды. Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков 1975-жылы 28-августта Талас облусунун Кара-Буура районунун Аманбаев айылында төрөлгөн. 2003-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин юриспруденция адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолу

1993-1994 жылдары – Куралдуу күчтөрүндө кызмат өтөгөн;

1998-2003 жылдары Финансы министрлигине караштуу финансы полициясынын башкармалыгынын Чүй облусу боюнча финансы полиция бөлүмүнүн Аламүдүн жана Ысык-Ата райондору боюнча район аралык финансы полиция бөлүмчөсүнүн ыйгарым укуктуу оперкызматкери;

2003-жылы Финансы министрлигине караштуу финансы полициясынын башкармалыгынын Чүй жана Талас облустары боюнча аймак аралык башкармалыгынын Аламүдүн жана Ысык-Ата райондору боюнча район аралык финансы полиция бөлүмчөсүнүн начальниги;

2005-2007-жылдары – Өкмөткө караштуу финансы полициясынын башкармалыгынын Чүй жана Талас облустары боюнча аймак аралык башкармалыгынын бажы органдарындагы коррупция жана кыянаттык иштерди колдонуу, бажылык укук бузуулар менен күрөшүү боюнча бөлүмүнүн начальниги;

2008-жылы – Баткен ОИИБнын коомдук коопсуздук бөлүмүнүн уруксат берүү системи боюнча улук инспектору;

2008-2010 жылдары – Бишкек ШИИББнын коомдук коопсуздук бөлүмүнүн лицензиялык-уруксат берүү тобунун инспектору;

2010-2011 жылдары – ИИМдин катчылыгынын министрдин жардамчысы;

2011-2014-жылдары – ИИМдин финансы-чарбалык башкармалыгынын начальниги;

2018-жылы – ИИМдин жетинчи башкы башкармалыгынын ыкчам-техникалык иш-чаралары башкармалыгынын начальнигинин орун басары;

2018-2020-жылдары – ИИМдин жетинчи башкы башкармалыгынын начальнигинин орун басары, ыкчам-техникалык иш-чаралары башкармалыгынын начальниги;

2020-жылдын 14-октябрынан тартып ички иштер министри.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости