www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Былтыр Бишкек шаарында 1696 мыйзамсыз курулуш бузулду. Анын ичинен 648и - жеңил типтеги объект, 93ү - капиталдык курулуш. Бул тууралуу Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын башчысынын орун басары Тилек Кадыкеев билдирди.
Анын айтымында, калаада мыйзамсыз курулуштар көп кездешет. Ар бир райондордо атайын кызматкерлер жума сайын мүлктөрдү каттоого алып, тактап турат. Анткени жеңилдетилген объектилерге бир жылга гана уруксат берилет.
--«Шаардын муниципалдык жерине чыгып алгандар, жолго чейин чыгып кеткен учурлар кездешет. Капиталдык курулуштардан 93 объект бузулду. Шаардын көркүн бузуп, түрдүү жарнактарды илишет. Алар боюнча да жумасына 2 жолу текшерүү жүргүзүлөт. Маселен, 2020-жылы 955 жарнак алынды», - дейт Кадыкеев.
Булак: NazarNews.kg