www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалпы коомчулук, жетекчилер Райымбек Матраимовго мүмкүнчүлүк бериши керек. Себеби, ал мамлекетке көптөгөн жакшы иштерди жасайт. Мындай пикирди коомдук имер “NazarNews” маалымат агенттигине, коомдук ишмер Кайып Шер билдирди.
--“Мен билгенден карантинде карапайым калкка кол сунган ушул инсандардын бири Райымбек Матраимов болду. Көптөгөн жакыр үй-бүлөлөргө азык-түлүктөрдү таратып, жакшы иштерди жасады. Мында ал элдин сообуна эле калбастан, мамлекеттин жүгүн көтөрүштү. Биз ушундай уул-кыздарыбызга иштөөсүнө мүмкүнчүлүк беришибиз керек. Райымбек сыяктуу ток адамдарды жетекчилик кызматтарга алып келсек туура. Акча десе бетинен түшө калган адамдарды коюшат. Алар казынан акчасын уурдап, мамлекетке канча чыгым келтиришет. Ошонун азабын карапайым эл тартып жатат. Андыктан Райымбек Матраимовду иштөөсүнө мүмкүнчүлүк берип колдойлу. Ага асылуунун кереги жок. Коррупция кылганы аныкталбаса дагы “макул” деп мамлекетке каражатты төлөдү. Көптөгөн кайрымдуулук иштерди жасап, мамлекетке жакшы жардамдарды көрсөтүп жатат. Бул сыяктуу байларды көрүп жүрөбүз, алардан мынчалык жардам болгон жок”, - деди коомдук ишмер.
Булак: NazarNews.kg