www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Чимкирик парламентти» СДПКчы депутаттары Анвар Артыков, Ирина Карамушкина жана Кожобек Рыспаев «Кимдин тамагы көп?» дешип мелдеше кетишет. Өзбек депутат Артыков «Аш, лагман, чүчбара, машхурда, мастава, шурпа, тухум барак, казан -кабоб, нохат- шорак, долма, манты...» деп отуруп отуздай тамакты санап жиберет.
Анда орус депутат Ирина Карамушкина: «Борщ, пельмен, каша, щи, пирог, блины, оливье, винегрет, туздалган бадыраң, варенье, холодец, квас...» деп тамактын санын отуздан ашырып жиберет.
Кезек Кожобек Рыспаевге келип ал: «Жарма, максым, ачыган жарма, ачыбаган жарма, буудай жарма, арпа жарма, эрте бышкан арпага жасалган жарма, кеч бышкан арпага жасалган жарма, майга куурулган жарма, майга куурулбаган жарма..» деп отуруп жармадан жасалган тамактын түрүн эле элүүгө жеткирип утуп кетиптир. Башкысы кыргыз элине апырткандар деле керек.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg