www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews.kg маалымат агенттиги экс-депутат Ташболот Балтабаев менен эгемендикке ээ болгон 29 жылдын күңгөй-тескейи тууралуу баарлаштык.

-Ташболот агай, эгемендикке ээ болгону эмнеге жетиштик?

-Жетишкенибиз-бирөөнүн жылуу колтугунда эмес, жашоонун жыргалын да, жоопкерчилигин да, кыйынчылыгын да жон терибиз менен сезген тажрыйбабыз деп эсептейт элем.  

-Эмнеден өксүдүк?

-Эгемен болгондон кийин мурунку биз баш оорутпаган: чегара, экономика, саясат, геосаясат, регионализм, трайбализм, жакынкы жана алыскы эмгек мигранттары сыяктуу көптөгөн көйгөйлөр пайда болду. Бул реалдуулук. Келечекке туура багыт алыш үчүн аны обьективдүү, терең,  илимий негизде анализдеп чыгуу кажет.

-Эгемендиктин кадырына доо кетирбей, баркын, баасын билип күтө алдыкпы?

-Кечээ күнү Фейсбукта “Кыргызстан эгемен болуп жашай албайт экенбиз, жакшысы Россияга кайра кирип кетели дегендерге жооп жаздым эле. Бул улутка УЯТ нерсе деп. Бирок ошондой ойду колдогон кыргыздар деле аз эмес экен. Демек, себеби бар. Негизгиси биз адилеттүү коом кура алган жокпуз 29 жылда.  Сөз бар го  "кардыма эмес -  кадырыма ыйлайм" деген. Миллиондорду уурдап байысаң кадырлуу, адам болуп уялбай эле депутаттыка, президенттике ат салышсаң кадырың жок боло берет экен. Кыскасы, тер төгүп иштеп байыш кыйын, а  бийлик креслосунда отургандар гана байлар. Ушуларды көрүп туруп, бекер берилген эгемендиктин  кадырын дагы эле жакшы баалабай жатабызбы деген ой келет. 

-Демократияны туура эле кабыл алдыкпы же аны ээнбаштык менен алмаштырып алдыкпы?

-Демократия менен Анархия жакын турган нерсе. Эгерде демократия жоопкерчилик менен коштолбосо - анархияга айланат. Эгерде бийлик оппозиция менен коштолбосо

-Авторитаризмге,  диктатурага айланат. Тилекке каршы, бизде жоопкерчилик да, реалдуу оппозиция да калыптанган жок. Бийлик жылда жаны реалдуу эмес убадаларды бере берет. А бүгүн бийликте болуп, эртеси  креслодон жылып калгандар элдик оппозиция болуп келе берет.

-Эгемендик элибиздин күлк мүнөзүн, табиятын өзгөрттүбү?

-Кыргыз элинин  табиятын өзгөрттү.  Биринчиси, өзүңдөн башкага ишенбе. Экинчиси, «его величество - деньги" дегендей эле болуп калды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости