www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШда чыдамы жок айдоочу жүргүнчүлөр өтүүчү тилкеден шашпай өткөн адамды атып салды. Окуя Алабама штатынын Юнион-Спрингс аймагында катталган. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазды.

 Маалыматка ылайык, 22 жаштагы Жереми Уэсли Пенн унаасы менен тамак-аш алып келүү үчүн чыккан. Ал жолдо бара жатып, адамдар өтүүчү тилкеде жөө кишиге жол бошоткон. Анын өтө эле жай басканынан улам чыдамы кеткен айдоочу тапанча менен сегиз жолу атып, окуя болгон жерден качып кеткен.

Кийинчерээк шектүү тартип коргоо органдарына колго түшүп бергени маалым болгон. Учурда ал адам өлтүрүүгө айыпталып камакка алынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости