www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан ушу тапта чакан болсо болгондур, бирок ал биздин өлкө. 

Кыргызстан азырынча жарды болсо болгондур, бирок ал биздин өлкө. 

Кыргызстан эмгиче күчкө кире албай атса кире албай аткандыр, бирок ал биздин өлкө. 

"Мамлекет - менин абстрактташкан, руханий тең жарымым" деп Чоюн Өмүралиев агай жарандыктын эң мыкты формуласын сунуш кылган. Түшүнгөн кишиге жарандыктын баасы ошондой. 

Кийимиңди чечип ыргытсаң ыргытарсың, бирок териңди сыйрып ташташың кыйын. Сыйрысаң ачышат. Ошондо ал чындап сеники экенин билесиң. 
Өтүгүңдү ыргытсаң ыргытарсың, бирок бутуңду кошо сууруп сала албайсың. Антсең ооруйт. Ошондо ал сенин бир бөлүгүң экенин түшүнөсүң. 

Ишеним туура келбесе андан да баш тартышка туура келет, бирок мээңди кошо сууруп сала албайсың. Анткени аң-сезимдин ортосунда өзүң барсың. 
Өлкөбүздүн мүдөөсү өзүбүздөн маанилүү болсун. Өлкөбүздүн кызыкчылыгы башка бардык мамлекеттердин кызыкчылыгынан биз үчүн бийик болсун. Өлкөбүздүн баалуулугу биз үчүн бардык диндерден ыйык болсун. Өлкөбүздүн Өзөгү иштеген жерибизден, саясий көз карашыбыздан, алган билимибизден өйдө болсун. Ошондо биз Жаран деген атка татыктуу болобуз. Болбосо ар ким ар кайда сүргөн караламан бойдон кала беребиз. 

Жайында жаныбызды оозго тиштеп, эси-көөнүбүздөн кеткис сабак алгыдай болдук эле. Баарына эле сабак болбоптур. Сабак болбогондор биригип агым болду, арасында эмитен чагым болду. Күзүндө күрпүлдөгөн сел жүрөт, күжүңдөшкөн эл жүрөт. Ал сел ылай. Кой десе болбой кошулгандын баары булганып атат.

Аралашкандар анык жүзү көрүнүп, далайы биринин башын бири жейт. Ага күч коротпогула, көңүлгө жакын албагыла, курал болбогула, курмандыкка өзүңөрдү чалбагыла. Болгону сыртынан байкап, туура сабак алып жүрү отургула, тим койсоңор биринин чүмбөтүн бири сыйрып отуруп киши карагыс абалга жетишет. Ошондо таза суунун агымына жол ачылат. Азыркыларды алыстан карап тим койгула, өз башы менен кетсин. Таза Күч, жакшы Тилек, жалпы Ниет топтойлу. Анан буюрганын көрөбүз. 

Эгемендик майрамыбыз менен! Кыргыз чындап эгемендүү эл болсун, эр уулу менен тең болсун. Калкыбыздын зоболосу бийиктеп, мөрөйү үстөм, көңүлү көктөм болсун. Мамлекетибиздин өрүшү жайык, өргөөсү ыйык, туусу бийик, түбөлүгү түз, келечеги кең болсун. Бар болгула!

Жыргалбек Касаболотов

Булак: NazarNews.kg

Последние новости