www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үркөр көтөрүлгөндө күз келет. Үркөр көтөрүлдү. Календарда 1-сентябрь демек бүгүндөн баштап күз башталды. Кыргызстанда сентябрь айы саясий чыңалуунун чордонуна айланат, парламентке шайлоо деп жүрүп, коронавирус деген эмне экенин унутуп деле калабыз. Парламенттик мандаттарды талашып партиялар арасында катуу кармаш болот. Мурункудай жалгыз ээлеп алам деген бийликтин жеке партиясы жок. Ошондуктан күн салкындаса да саясат салкындабай, улам ысып эриктирбейт.

Ал эми байыркы кыргыз күзүндө жер которо башташкан. Ушул мезгилде эсепчилердин баркы жогорулаган. Анткени, кайсы мезгилде көчүш керек, аны жакшылап билип албаса көч жамгырлуу күнгө калып, тар жол,тайгак кечүүдө калган. Эсенбай эсепчи сыяктуулар жылдыздардын тогошконун карап,кайсы күнү көчөрдү аныктаган. Жайлоодон түшөөр мезгилди Эсенбай эсепчи Чолпон чыгаар мезгилге тушташтырган. "Чолпон көрүндү – жүк артуу керек"- деп. Ошентип, илгерки көчмөндөр күн ысый элек салкында көчүп, жаңы журтка жетип алган. Көчтү жолдогулар тосуп алып ат үстүндө суусундук беришкен, көчтү токтотушкан эмес. Салт атчан манаптар козу-корпо жесе, түшүп жей беришкен, бирок көч токтогон эмес. "Эртең менен күн кызарып чыкса – элиңди жоо чапкандай күйүн, кечинде кызарып батса – аялың эркек туугандай сүйүн" деген. Күн, Ай, Үркөрдөн кийинки эле байыркы кыргыздардын урматтаган асман периси – Чолпон. Чолпон жылдыз эл ишеними боюнча койдун пири. Андыктан аны Чолпон-Ата деген. Чолпон күн чыгаар алдында, койлорду жайытка чыгарганда  же Күн баткандан кийин, койлор жайыттан кайтканда чыгат. Ушундан улам аны койлордун пири же "койчунун жылдызы" деп калса керек. Илгерки замандарда "Чоң Жетигенди" көчмөндөр "Кичине Жетигендин" эки жакшы атына ("ак сары ат" жана "көк сары ат") кол салганы жаткан "жети каракчы" деп түшүнгөн. Алар аркандалып, бир учу Алтын Казыкка байланып, күзөтчүнүн кайтаруусу менен оттоп турат. Жети каракчы ушул аттарды уурдаганы түн бою аңдыйт. Ал эми аттар казыкты айланып тура берет. Жети каракчы аларга жете албайт да, таңдын атышы менен куру кол кайтып кетет. Бул окуя күндө кайталанат да, күндө ушундай болот. Ал эми Жетигендин орто чениндеги бир жылдыздын жанында үлбүлдөп көрүнгөн кичине жылдызды "Үркөрдүн кызы үлпүлдөк сулуу" деп коёт. Аны бир кезде тиги каракчылар уурдап, ала качып алган имиш. Аяк оонада бугунун аягы тынбай, маралга кыйгач жүгүргөн чагы болгон үчүн, бул айды аяк оона дейт. Күзгү күн-түн теңелүү 23-сентябрга туура келет. Сентябрдын 15 жарыгы «боз кыроо маалы», 15 караңгысы «кыргыек маалы» аталат. Анын 17 жаңысынан Үркөр менен Ай тогойт.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости