www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Премьер-министр Кубатбек Боронов билим берүү жана саламаттык сактоо мекемелерин, жолдорду, ошондой эле таза суу менен камсыз кылуучу жана ирригациялык объектилерди куруу маселесине арналган кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди

Маалыматка караганда, 2020-жылдын аягына чейин социалдык багыттагы 112 объектинин, анын ичинде 70 билим берүү жана 17 саламаттык сактоо имараттарынын курулушун бүткөрүү пландалууда.

«Өлкө аймактарындагы социалдык-маданий багыттагы объектилерди куруу иштерин план боюнча өз мөөнөтүндө аяктоо шарт. Муну менен катар планга ылайык 1-сентябрда 11 мектеп колдонууга берилиши керек», — деди өкмөт башчы.

Маалыматка караганда, быйыл 79 айылга таза суу киргизилип, төрт ирригациялык объектинин курулушу аяктайт.

Транспорт министрлигинин маалыматы боюнча жыл аягына чейин стратегиялык маанидеги жолдордун 92 чакырымы курулуп бүтөт. Мындан тышкары район борборлорундагы жолдордун 152 чакырымына асфальт төшөлөт.

Булак: centralasian

Последние новости