www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги экс-депутат Ташболот Балтабаевди кепке тартып, элди тооруган илдет жана Саламаттыкты сактоо министринин алгоритми тууралуу баарлаштык.

-Ташболот агай, бир күндө 85 өлүм болду, илдет аймактарды аралады. Эмне кылышыбыз керек? Мындай учурда кандай чечкиндүү кадамдарга барышыбыз керек?

-Бир күндө 85 адам өлдү деген маалымат кандай ыкма менен  кантип алынган мага белгисиз. Анткени, вирустан чочуган жергиликтүү бийлик жана жетекчилер башка ооруларды жана өлүм алдында тургандарды  ооруканага  кабыл албай жатышат. Кыскасы, бардык бийликтегилер жана медициналык система эпидкырдаалды көзөмөл кыла албай калышты. Медиктердин көбү ооруп, калгандары чарчап калышты. Ошондой эле илдет менен күрөшүүгө талапка жооп берген оорукана жана адистер да жетишпейт. Бекер дарылар мындай турсун, эселеп кымбаттаган дарыларды табуу мүмкүн болбой калды. Ошондуктан абалдан чыгуу үчүн жаңы алгоритм иштеп чыгыш керек. Иштеп жаткан алгоритм реалдуулукка жооп бербей калды.

-Жаңы алгоритм кандай түзүлүшү керек? Кандай факторлор эске алынышы керек?

-Жаңы алгоритм кырдаалга жараша түзүлүшү керек. Ошондой эле башка методикалык жолдор ишке кириши керек. Азыркы алгоритм  эпидкырдаалга реалдуу эмес экенин практика көрсөттү. Тагыраагы, жаңы алгоритм төмөнкү факторлоду эске алуу менен түзүлүшү керек деп эсептейм.
1 . Тийиштүү медициналык адистер жетишпейт 
2. Тийиштүү жабдылган медициналык обьекттер жетишпейт.
3.Керектүү дары - дармектер,  шаймандар  жетишпейт. 
4.Ооруган адамдарга керектүү так жана кеңири инструкциялар жеткиликтүү эмес.
5.Ооруган же вирус боюнча суроосу бар адамдарга 24 саат бою online жогорку квалификацияда кенеш берүүчү борбор же борборчолор уюштурулушу керек.
6.Социалдык дистанция,  өзүн-өзү обочо кармоо  принциптерин ишке ашыруу үчүн КРдагы ЖМКлар жана бийликтин бардык адамдары эл менен тыкыр иштешип, түшүндүрүү жана тартипти камсыз кылуу маселесин чечүүсү керек.

Бул алгоритмди ишке ашыруу урматтуу Президенттин жеке жоопкерчилиги болушу керек.  Себеби, азыр Кыргызстанда дефакто Президенттен башка легитимдүү бийлик өкүлү жок. Эгерде парламенттик шайлоону жылдырып койсо, азыркы парламент да, өкмөт да легитимдүүлүгүн дефакто эмес (азыркыдай),  деюре жоготот. Андан аркысын бир кудай эле билбесе,  пендесине түшүнүксүз.

Бул жагдайды жөнгө салууда дагы бир социалдык - экономикалык маселе жаралат. Тагыраагы,  бул программаны аткарууда жана  андан жапа чегүүгө кабылган адамдарга бийлик кантип колдоо көрсөтөт деген маселе келип чыгат. Кыскасы,  абал оор.

-Пневмония өтүшүп кеткен коронавирус деп жатышат. Неге бизде пневмониядан мынча каронавирустан түгүнчө өлүм болду деп бөлүп айтып жатышат?

-Коронавирус  менен пневмония бир эле нерсе. Өлүмдү бөлүп санаган кимге жеңилдик алып келээрин билбейм. Элдин башын айландырбай коронавирустан өлдү деп ачык эле айтыш керек. Башка маселе медициналык документтерде вирустун баланчасы өтүшүп кетип,  өлүмгө алып келди деп жазыла берсин.

-Баса, Ассоль Молдокматова да Путинге кайрылуу жасап, жардам берүүсүн өтүндү. Ал элди илдеттен сактап жана сакайтып алууга аракет кылып жатабы же өзүн пиар кылуунун айласын жасап жатабы?

-Ассолду бул пандемия проблемасына аралаштырып көңүл бурбай эле койгула. Кааласа АКШ, Кытай президенттерине да кайрыла берсин. Эгер өзүбүз начар иштесек, Путин келип биздин вирусту айдап чыкмак беле. Кырдаал оорлошуп баратканынан  өзүмдүн идея-сунуштарым менен бөлүшөйүн деп Саламаттыкты сактоо министринин орун басарына телефон чалсам албайт, Вотсаптан жазып жибердим. Бошосоң чалып кой, бөлүшө турган ойлор бар деп. Реакция болгон жок. Кыргызда макал бар го “сөздү уккан адамга айт, сууну сиңген жерге куй” деген. Сунушуңду берейин десең да  уккулары жок... 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости