www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Эгерде мыйзамды бузуп, кыянатчылык менен Орхон Инандыга кыргызстандын атуулдугун берген болсо, Фарид Ниязов албетте жооп бериши керек", - деди бүгүн, 19-августта NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Ташболот Балтабаев.

- Ташболот агай, камактагы Фарид Ниязов Орхан Инандыга жарандык берүүдө мыйзам бузулган эмес деген билдирүү таратты. Өзүнө тагылып жаткан айыпты негизсиз жана укуктук жактан сабатсыз деп белгиледи. Анын айткандарына ынансак болобу?

- Эгерде мыйзамды бузуп, кыянатчылык менен Орхон Инандыга кыргызстандын атуулдугун берген болсо, Фарид Ниязов албетте жооп бериши керек. Бирок, мен Орхан Инандыны Кыргызстанга террористтик аракеттерди жасаган, бузукулук иштерди кылган адам катарында көрбөйм. Ал “Сапат” деген гимназияларды уюштуруп, Кыргызстандын балдарына жакшы билим берген уюмду жетектеди. Ошондуктан, Орхан Инанды туура эмес, мыйзамсыз Кыргызстандын атуулдугун алды дегенде күмөнүм бар. Анткени, биздин жүздөгөн балдарыбыз “Сапат” билим берүү борборунан жакшы билим алып келген. Ошондуктан, аны террорист дегенге кичине ишенбей турам.

Эгер унута элек болсоң ал кишини кайда экенин издеп жатабыз.  Кыргызстандын жараны болгондон кийин коргошубуз керек деппрезидент  расмий айтып чыккан. Ошондой эле Президент Түркиянын президентинин алдында маселе көтөрдүм деп айткан жайы бар. Эгер ошонун баарын эске алганда бул киши террорист экен, Кыргызстанда террордук иштерди жүргүзүптүр, ал турсун  атуулдугубузду да алыптыр деп айтып койсо кичине башкача болмок. Кыскасы, бул маселе эки анжы ойду жаратып турат.

Англия Американын мамлекеттик сырын ачып жиберген Асанжини улуу Британия Америкага бербей кармап жүрбөйбү. Америка менен Англияны жакын мамлекет экенине карабай адилетсиз чечим чыгып, аны камап же болбосо анын өмүрүнө коркунуч келе турган нерселер жасалып калышы мүмкүн деген аргумент менен Англиядан чыгарбай жатышат. Салыштырып караганда Орхан Инандыны Кыргызстан үчүн зыян келтирген киши катарында көрүш оорурак.

Эң негизгиси, Инандынын айланасындагы маселелер боюнча сот процесси ачык болуп, Орхан Инанды чынында террорист болгон дегенге элди ынандырыш керек. Ошондой эле УКМКбы, ИИМби кыргызстанга зыян алып келгендиги жөнүндө фактыларды келтириши керек. Ошондо гана аны кармап кетишкени туура болгон турбайбы деп ынанат. Жөн эле бирөөнү камап, ошонун эсебинен мыйзамдуу иштерди кылып жатабыз. Ушундай болгонун таап алдык. Террористтен пайда көрүп, атуулдукту туура эмес берген дегенди Инандынын талапкерлери менен атаандаш пикирлерди келтирип, сот боло турган болсо гана эл ишенет эле.

Негизи Кыргызстан эл аралык келишимдерге кол койгон мамлекеттердин катарында. Ошон үчүн кайсы  бир мамлекетте кылмыш жасап, терордук жасап жүргөн адамдарга эл аралык издөө жарыяланса ага сөзсүз маани берилиши керек эле. Тагыраагы, Түркиядан  бизге ушундай фактылар келди. Биздин атуулду террористти бизге расмий түрдө кайтарып бергиле деген өтүнүч келди. Эл аралык мыйзамдарга кол койгон мамлекет катарында Кыргызстан карап тура албайт. Орхан Инанды туура эмес жолдор менен атуулдук алып алыптыр. Ошонун негизинде Кыргызстандын укук коргоо органдары Инандыны расмий түрдө Түркияга өткөрүп бериши керек эле. Ошондо ага мыйзамсыз атуулдук берген мамлекеттик органдын жетекчилиги керт башы менен жооп беришмек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости