www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда соода-сатык бизнеси оңкосунан кетип, ири бизнесмендер кол шилтеп Казакстанга карай агылууда. Албетте акча тынчтыкты сүйөт. Тилекке каршы өлкөдөгү акыркы 3 жылдагы бер беткей изилдөөлөрдүн жыйынтыгы калдайган кыргыз калкына опол тоодой зыяны тийип жатканы талашсыз.

Алсак Фейсбук колдонуучу Мирлан Ташиев «Дордой» базарындагы абал тууралуу жазып чыкты.

--Ушул баланы эр жүрөк, патриот деп жүргөндөр кечирип койгула го, силердин патриоттуңарды карапайым элдин душманы катары эле көрөм. Кечээ орто Азиядагы менмин деген «Дордой» базарына бардым. Баягы атактуу “Дордой” базар,  базар эмес эле, мазарга айлана баштаптыр. Сатуучулардын маанайы жок, “канча айдан бери Кытайдан салдырган товарларыбыз келбей жатат, өткөндө араң Казакстан аркылуу азыраак товарларыбыз келди, эми мындан кийин да Казакстан аркылуу товарлар келет же казактардан товар ташып келип иштейбиз”, деп отурушат.

Убагында «Дордой» базарына Россия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстандан элдер келип товар алып кетишсе, бүгүн «Дордой» кирген товар жок базар аңгырап турат. Сатуучулардын витриналарында сезонный товарлары көрүнбөйт. Кыргызстанда жумуш орду жок экендигин баарыбыз жакшы билебиз, көпчүлүк эл «Дордой» жана Кара-суу базарында иштеп жан багышат, ушул темпте кетсе «Дордойдун» тагдыры, ал жакта жан баккан элдин тагдыры эмне болот бир Кудай билет. Эми силер мурда 1000 (миң) сомго алган батинкаңарды эми 1 500 (бир миң беш жүз) сомго сатып алып каласыңар, бул үчүн Али баатырыңарга рахмат айткыла.

Айтыла турган нерсе Раимдин атын дүйнөгө дүңгүрөтүп, Кыргызстанга түшүп турган пайданы башка өлкөнүн пайдасына буруп бербей деле, Раимге чара колдонуп, Алинин оозун убагында жаап койгондо карапайым калк бүгүн мынчалык кыйналмак эмес.

Башынан бери айтып келем Алинин кылыгы карапайым элге кыянаттык деп, аны эл убагы келгенде түшүнөт эми, Раим боюнча аны кааласаңар кууруп жегиле мен үчүн ал эч ким эмес, элге кесири тийген үчүн бул теманы жазып койдум, - дейт Мирлан Ташиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости