www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаңы дайындалган судьялар ант беришти

Бишкек шаарында жергиликтүү сотторго дайындалган судьялар ант беришти. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, 11-январда Жогорку Сотто, президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовдун 5-январдагы жарлыктары менен Бишкек шаарынын Октябрь, Свердлов, Ленин райондук сотунан жана Ысык-Көл, Нарын облустук сотунан судьялар дайындалды.

Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотуна Алтынбек Түмөнов курагынын чегине жеткенге чейин дайындалды.

Биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө жергиликтүү соттордун судьялары болуп дайындалышты. Алар Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна Айдай Жарматова, Мирлан Жолдошбаев, Свердлов райондук сотуна Таалайбек Абыкеев, Лейла Байдаева, Ленин райондук сотуна Мелис Өмүралиев, Марлен Тентимишов дайындалды. Ал эми Ысык-Көл облустук сотуна Бермет Мырзаканова, Нарын облустук сотуна Замир Алыбаев бекитилди.

"Жогорку Соттун төрайымынын милдетин аткаруучу Нургүл Бакирова жаңы дайындалган судьяларды куттуктап, берген антка бек турууга чакырды", - деп жазылат маалыматта.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости