www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ташиев:

Быйыл чек аранын 150 чакырым жерине зым тартууну пландап жатабыз. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен эли менен жолугушууда билдирди.

Анын айтымында, чек ара кызматы күчтөндүрүлүп, мамлекеттик саясат жүргүзүлөт.

"Жылына демаркация, чек арага зым тартуу 15 чакырым узундукка гана жүргүзүлөт экен. Быйылкы жылга чек аранын 150 чакырым жерине зым тартууну пландап жатабыз. Бул 10 эсе көп. Мындай эч бир жылы болгон эмес", - дейт ал.

Ташиев чек араны бекемдөө жумушунун көпчүлүгү Баткен облусунда жүргүзүлөрүн белгиледи.

Эскерте кетсек, Камчыбек Ташиев Германияда жүрөгүнө операция жасаткан. Бүгүн, 18-февралда ал Кыргызстанга келип, дароо Баткен облусуна учуп кеткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости